Табигый кырсыктардын алдын алууда КР ӨКМ Түркия республикасы менен тыгыз кызматташат
09.11.2022


8-ноябрь күнү Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди. Иш сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуп, буга чейин түзүлгөн кызматташтыктын жаңы багыттары жана аны бекемдөө, өз ара тажрыйба алмашуу, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алуудагы күчтөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча тараптар пикир алышып, талкууга алышты.
Өз кезегинде министр Б. Ажикеев Түркиянын Ички иштер министрлигинин Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаменти менен бир нече жылдан бери тыгыз кызматташтыкта иштеп келе жаткандыгын баса белгилеп, адистерди окутуу, тажрыйбасын жогорулатуу максатында жүрүп жаткан иштерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле тарыхый жактан тамырлаш, боорлош эки элдин ортосундагы ынтымакты мындан ары да бекемдеп жатканыбызга кубанычта экенин баса белгилеп, эки тараптуу байланышты чыңдоого болгон аракеттер токтобой тургандыгын айтты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР