Табият кубулушунун каатчылыгы жоюлууда

Кечээ, 4-майда кечки 21.30да Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Акшыйрак жана Карасай айылдарына барчу жол тазаланды. Кар баскан айылдарга Барскоон айылынан алты автоунаага  1200 түккө жакын чөп  ӨКМдин 2, Чек ара кызматынын  2 жана айыл тургундарынын 2 унаасына чөп жүктөлүп, жөнөтүлгөн.

Ошондой эле тоо арасында жашаган элден кабар алууга Жарандык коргонуу кызматынын мүчөлөрү  — ӨКМ кызматкерлери, врачтар жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү жөнөп кетишти.

Буга чейин аба ырайынын бузула тургандыгы жана тоолу райондордо кар жаай тургандыгы тууралуу маалыматтар  алдын ала уюлдук телефондордон, жиберилип, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет айдыңында жарыяланып турган. Буга карабастан малчыларыбыз алыскы аймактардагы жайлоолорго чыгып кетишкен. Жаңы гана жаздан чыккан мал жайлоодо мал кар ызгаарын көтөрө албай, чөп кар алдында калып, өлүмгө дуушар болгон. Канчалык табият катаал болсо да адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

Табияттын катаал кубулушуна кабылып, кыйынчылык жаралган аймактагы кырдаал мамлекет тарабынан аракеттер жасалып, жөнгө салынууда. Ал эми кырдаал жаралган учурда ӨКМ — мыйзамга ылайык жарандык коргоо иштерин алып барат. Министрликтин башкы милдети — элди, калкты табигый, техногендик жана башка кырсыктардан куткаруу. Тактап айтканда, адам өмүрүн сактоо болуп саналгандыктан, малды, үй жаныбарларын куткаруу жумуштары ӨКМдин милдетине кирбей тургандыгын жарандарыбыз түшүнүүсү зарыл.

Белгилей кетсек, 29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун бир нече райондорунда жолдор жабылып, байланыш каттамдары үзүлгөн. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү жаралып кыйынчылык алып келген.