Талас: 5-октябрь “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” күнүнө карата иш чара өткөрүлдү
2022-жылдын 4-октябрь күнү Бакай-Ата районунун Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун 2022-жылга даярдык планынын негизинде, А.Акназаров айыл өкмөтүндө “Өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгондо жана катталган учурда Жарандык коргонуу иш чараларын уюштуруу жана башкаруу” темасында Комплекстүү машыгуу өткөрүлүп, даярдыктары текшерилип жана практикалык иш чаралар жүргүзүлдү.
Мындан тышкары 5-октябрь район аймагындагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарандык коргонуу боюнча демонстрациялык жүрүш өткөрүлдү.



