Талас: Айтматовдо өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

ТАЛАС: АЙТМАТОВДО ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын 15- июнуна карата аткарыла турган иш- чаралар мерчеминин алкагында Айтматов районунда атайын машыгуу өттү.
Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №91 өрт-куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы жана Кызыл Ай коому менен биргеликте 25-майда Кызыл- Адыр айылындагы Насыр борбордук базарында өткөргөн өрт-тактикалык машыгууда тилсиз жоону өчүрүү, жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү, коопсуздук эрежелерин сактоо көрсөтүлдү.
Аталган иш-чарага Жарандык коргонуу кызматтары жана айыл өкмөттөрдүн ыктыярдуу кошуундары тартылды. Жыйынтыгында Кызыл Ай коому өкүлдөрү активдүү катышкан кызматтарга белектерди тапшырышты.