Талас: Байрагыбыз бийик желбиресин

БАЙРАГЫБЫЗ БИЙИК ЖЕЛБИРЕСИН!
3-март — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук, облустук жана шаардык башкармалыктарында жогорку деңгээлде белгиленди.
Майрамга карата өткөрүлгөн иш-чарада өлкөнүн символу болгон Гимндин коштоосунда Мамлекеттик туу көтөрүлүп, өздүк курам акын-жазуучулардын желек жөнүндө жазылган чыгармаларынан көркөм окуп, ырларын аткарышты. Ошондой эле “Улуттун келечеги жана эртеңи” аттуу темада доклад окулуп, талкуу жүрдү.
Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган.
Мына ошол күндөн тартып өлкөдө желек күнү салтанаттуу түрдө белгиленип келет.
Туунун авторлору Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев жана М. Сыдыков.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР