Талас: Ишембилик-тазалык
ТАЛАС: ИШЕМБИЛИК — ТАЗАЛЫК
Кечээ, 4-март күнү ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгында ишембилик өттү.
Атап айтканда, жаз алды менен айлана-чөйрөнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, облустук башкармалыктын жана Талас шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы активдүү катышты.
Ишембиликтин алкагында имараттын айланасын актап-сырдоо, дарактарды бутоо жана тазалоо иштери колго алынды.
Андан тышкары башкармалыкка тиешелүү “Динамо” стадионунда жайгашкан “МАШЫГУУ МУНАРАСЫН” оңдоп, айланасы тазаланды.



