Талас: Көпүрө-Базар айылында сел жүрдү

Талас облусунун Талас районунда 22-июнь күнү саат 20:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары Айдаралиев айыл өкмөтүнө караштуу Көпүрө-Базар айылынын Таштанаалы көчөсүндө жайгашкан 5 үйдүн короосуна суу кирген. Мындан сырткары 1 үйдүн, 1 намазкананын ичин каптаган.

Селдин кесепеттерин жоюга Талас райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана 16 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен суу сордуруу иштерин жүргүзүшкөн.

Бүгүн, 23-июнда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

<iframe src=”https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fmchs.gov.kg%2Fvideos%2F1041139723442792%2F&show_text=false&width=261&t=0″ width=”261″ height=”476″ style=”border:none;overflow:hidden” scrolling=”no” frameborder=”0″ allowfullscreen=”true” allow=”autoplay; clipboard-write; encrypted-media; picture-in-picture; web-share” allowFullScreen=”true”></iframe>