Талас: Көпүрө-Базарда шыргалаң муз тазаланууда

ТАЛАС: КӨПҮРӨ-БАЗАРДА ШЫРГАЛАҢ МУЗ ТАЗАЛАНУУДА
Талас районунун Айдаралиев айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылындагы №36 жол тейлөө ишканасынын балансындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн астына кышкы суукта муз тоңуп, Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Суу нугунан ашып, болжол менен 50 үйдү каптоо коркунучу жаралган.
Бүгүн жеринде тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук №101 ӨКБдан 7 куткаруучу жана Айдаралиев айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылды. Куткаруучулар, жолчулар жана айыл эли менен биргеликте тоңуп калган шыргалаң муздарды тазалап, сууну каналга буруу иштерин аткарышууда.
Эске салсак, 26-январда жеринде кырдаалдын алдын алуу максатында, Талас райондук администрация башчысы-аким, Жарандык коргонуу жетекчиси Нургазы Нармырзаев ӨКМдин Талас башкармалыгынын жетекчилери менен биргелешип райондук деңгээлде “Өзгөчө кырдаал” режимин жарыялаган. Облустагы “Кызыл ай” коомунун өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, муз тазалап иштеп жаткандарга 3 күндүк ысык тамагын уюштурууда.