Талас: Куткаруучулар Каракол суусунун муздарын тазалоодо
ТАЛАС: КУТКАРУУЧУЛАР КАРАКОЛ СУУСУНУН МУЗДАРЫН ТАЗАЛООДО
Талас районун Айдаралиев айыл аймагында катуу сууктан жаралган кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга “Альянс Алтын” Жерүй алтын кенинин 40 тонналык “САТ” маркасындагы оор жүк көтөрүүчү экскаватору тартылган.
“Көпүрө-Базар” айылындагы “Жумагул” көпүрөсүнөн чыгышты карай “Каракол” суусунун нугун тазалоо иштери башталып, кызматкерлердин жана жергиликтүү тургундардын жардамы менен 750 метрдей муз чагылып, тазаланууда.
Аталган тазалоо, суу нугун ачуу иштеринде Талас райондук ӨКБнын 4 куткаруучусу, токой чарба бөлүмүнөн 1, “Альянс Алтын” Жерүй алтын кенинен 2, И.Айдаралиев айыл аймагынан 3 адам иштеп жатат.
Кошумча маалымат берилет.