Талас: Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинде машыгуу өттү
ТАЛАС: КЫРГЫЗ УЛУТТУК “МАНАС ОРДО” КОМПЛЕКСИНДЕ МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү жаңы келген өрт өчүрүүчү автоунааларын текшерүү жана өрт кырсыктарын алдын алуу максатында, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинде облустук деңгээлдеги өрт-тактикалык машыгуусун өткөрдү.
Машыгууда Талас облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын адистери жаңы өрт өчүрүүчү жана авариядан куткаруу автоунааларын иштетип, сынактан өткөрүштү.
Аталган иш-чарага Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Талас райондук ички иштер бөлүмүнөн кызматкерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан врачтар тартылды.




