Талас: Муз чагып, суу нугуна салынууда

ТАЛАС: МУЗ ЧАГЫП, СУУ НУГУНА САЛЫНУУДА
Манас районунун Кыргызстан айыл аймагына караштуу Талас, Манас айылдарынын ортосунан өтүүчү Кичи-Капка суусу тоңуп, өз нугунан ашып, айылдардын турак жайларын суу каптоо коркунучу жаратууда.
Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында, райондук администрациянын жетекчилиги менен биргеликте Манас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, подполковник Мамбетаалы уулу Нарынбек, Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы, майор Д.Момбеков баштаган 6 куткаруучу, Кыргызстан айыл өкмөтүнүн 6 өкүлү жана жергиликтүү тургундардан 35 жаран тоңгон муздарды талкалап, суунун нугун ачуу иштерин жасап жатышат.