Талас: Окуучулар ачык эшик күнүндө өрт өчүрүүчүлөрдүн иши менен таанышышты

ТАЛАС: ОКУУЧУЛАР АЧЫК ЭШИК КҮНҮНДӨ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ
24-май күнү ӨКМдин Талас шаардык № 17 өрт-куткаруу бөлүгүндө “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.
Аталган иш чарага Талас шаарында жайгашкан №1 А.Чолпонкулов атындагы орто мектебинин 9- классынын 40тан ашык окуучулары катышып, өрт өчүрүүчү унаа, шаймандар менен жакындан таанышышты. Ошондой эле өрт кырсыгы учурунда жүрүм-турум эрежелери, коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары ачык эшик күнүнө келишкен 4- класстын 30 окуучусуна викторина өткөрүлдү.