Талас: Өрт коопсуздугу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштери жүрдү
КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Кызыл Адыр айылынын орто мектептеринде “өрт коопсуздугун алдын алуу” деген темада окуучуларга жана мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш чаранын максаты:
▪️өрт кырсыгын алдын алуу
▪️материалдык чыгымдарды азайтуу
▪️адам өлүмүн болтурбоо
▪️өрт учурунда журум турум эрежелерин билүү
📌Иш чаранын жүрүшүндө окуучуларга өрт өчүрүүчү автоунаанын шаймандары жана өрт өчүрүүчү куткаруучунун кийимдери менен окуучуларга тааныштырылды