Талас: Штабдык машыгуу өттү
16-17-март күндөрү Талас облусунун аймагында “Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана келип чыккан учурда Жарандык коргонуу органдарынын жана күчтөрүнүн иш-аракеттери” деген аталыштагы штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгууга шаар, райондук облустагы бардык Жарандык коргонуу кызматтары катышып, алардын каражаттары даярдыкка келтирилди.
Ошондой эле Жарандык коргонуу башчыларына өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иш- чараларын жүргүзүү боюнча тапшырмалар коюлуп, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү күч каражаттары тартылып, практикалык иш-чаралар өттү.