Талас: Спорт — ден соолуктун булагы

ТАЛАС: СПОРТ — ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ
Өткөн айдын соңунда ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгына караштуу Талас шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүктөрүнүн арасында Жусупбеков Уланбек Аскарбековдун жаркын элесине арналган жазгы спартакиада өткөрүлүдү.
Спорттук иш-чарада футбол, волейбол , 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогоркулар арасында 3 чакырымга чуркоо, өртчүлөрдүн күжүрмөн жайылтуу спорт оюнунан мелдеш уюштулуду.
Спартакиаданын жыйынтыгында 1- орунду Талас районунун №101 ӨККБ, 2-орунду Талас шаарынын №-17 ӨККБ, ал эми 3-орунду Бакай-Ата районунун №-93 ӨККБ багындырышты.
Ошондой эле жеңген командаларга кубоктор, кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.