Талас: Суу каптоо коркунучу жоюлду
ТАЛАС: СУУ КАПТОО КОРКУНУЧУ ЖОЮЛДУ
Бүгүн 30-январда Талас районунун деңгээлинде киргизилген “Өзгөчө кырдаал” режими Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен алынууда.
Тактап айтканда, аталган райондун И.Айдаралиев айыл аймагынан аккан Каракол суусу тоңуп, жалпысынан 50 турак жайдын короо-сарайын суу каптоо коркунучун жараткан. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн Көпүрө-Базар айылындагы суунун нугун тазалоонун жалпы узундугу 2500 метрди түзүп, суу каптоо коркунучу толугу менен жоюлду.
Ал эми тазалоо иштерин аткарууга Талас райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, Токой чарба кызматынан 2 кызматкер, айыл өкмөтүнөн 5 кызматкер ЖЧК “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген ишканасынан 1 экскаватор тартылган.

