Талас: Түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү

Кечээ 22-июнда Талас шаардык ӨКБнүн кызматкерлери жана мэриянын өкүлдөрү, шаардык прокуратура, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте “Алымбек-ата” бассейнине, “Байкөл” көлүнө сууга түшүп жаткан жарандарга жайкы мезгилде жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы сууга чөгүү кырсыктарын алдын алууну түшүндүрүштү.

Көлмөлөрдүн кооптуу жерлерине 6 эскертүү баннери орнотулду.