Талас: Жарандык коргонуу даярдыгы текшерилди

13-октябрда Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында “Өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыккан шартта Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш-аракеттери” темасында комплекстик райондук машыгууда мерчемделген иш-чаралар толугу менен өткөрүлдү.

Комплекстик машыгуу учурунда райондук ЖК кызматтарынын жана айыл өкмөттөрүнун ЖК түзүмдөрүнүн техникалары жана өзгөчө кырдаалдарда куткаруу иштерине колдонуучу шаймандары менен кароого тизилип, даярдыктары текшерилди. Облустук машыгуунун жетекчилиги жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан ар бир ЖК түзүмдөрүнө кырсык, өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар катталган учурда коргонуу жана куткаруу иш аракеттери практикалык иш чаралар жүргүзүлдү.

ЖК түзүмдөрдүн техникалык каражаттарынын, шаймандарынын абалдары текшерилген соң, аларды толуктоо боюнча ЖК кызматтарына жана айыл өкмөт башчыларына эскертүү берилди.

Машыгуунун алкагында табигый кырсыктар катталган учурда жабыркаган жарандарды эвакуациялоо, аларды коопсуз жайга жайгаштырууну түшүндүрүштү.