Талас: Жарандык коргоо кызматтарынын абалы текшерилүүдө
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун 2022-жылга даярдык Планынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан Талас облусунун Жарандык коргонуу абалын баалоо иштери башталды.
Баалоо иштери КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын, райондук, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү, облустук, шаардык жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары, мекемелери, уюмдары, Жарандык коргонуу комиссиялары жана эвакокомиссиялары, кошуундарында жүргүзүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жетектеген атайын комиссия Талас облусунун Жарандык коргонуу башкаруу органдары, Жарандык коргонуу комиссиялары, эвакуациялык комиссиялары тарабынан Жарандык коргонуунун тынчтык мезгилиндеги пландарынын, эвакуация пландарынын алкагында аткарыла турган иш-чараларын даярдыкка келтирүү, Жарандык коргонуунун 2021-2022-жылдарындагы даярдык пландарынын толук кандуу аткарылышын талдоо, Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана калкты Жарандык коргонуу жаатында окутуу боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруунун сапатын жогорулатуу багыттарында текшерүү иштерин жүргүзөт.