Талас: Жарандык коргоо кызматтарынын абалын текшерүү иштеринин алкагында “Айгай” жарыяланды

Бүгүн, 8-сентябрда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан Талас облустук жергиликтүү башкаруу органдарынын Жарандык коргоо кызматтарынын даярдыктарын текшерүү иштери уланууда.
Иш-чаранын алкагында облустук жана шаардык жетекчилик курамга жарандык коргоо абалын баалоонун негизги максатын түшүндүрүү боюнча жыйын өткөрүлүп, облустук жарандык коргоо башкаруу органдарына “Айгай” жарыяланып, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өздүк курамдары, жеңил жана оор инженердик техникалары шарттуу өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу үчүн чогултулду.