Таласта өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иши жүрдү
ТАЛАСТА ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИ ЖҮРДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан облустун Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата, Манас райондорунда жана Талас шаарында өрт коопсуздук эрежелерин коомчулукка кеңири жеткирүү максатында, унаа менен көчмө түшүндүрүү иш чарасы өттү.
Анда райондун жана шаардын эл көп чогулган борбордук көчөлөрүн атайын унаа менен кыдырып, жарандарга кыш мезгилиндеги өрт коопсуздугу жана Жаңы жыл майрамы алдында пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы негизги эрежелери жаңырып турду.
Мындай көрүнүш албетте облус элинин назарын бурбай койгон жок жана жарандар үчүн өрт кырсыгын алдын алуудагы маанилүү башкысы натыйжалуу ыкма катары баалоого болот.
Учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын иш-планынын негизинде, өлкөнүн жер-жерлеринде кыш мезгилиндеги өрт коопсуздук эрежелери боюнча калкка түшүндүрүү иш чаралары өтүүдө.