Таластык өрт өчүрүүчүлөр техникалуу болушту

ТАЛАСТЫК ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР ТЕХНИКАЛУУ БОЛУШТУ
Өзгөчө кырдаалдар министирлигине караштуу Талас облустук башкармалыгы “КамАЗ –43118” үлгүсүндөгү адистештирилген өрт өчүрүүчү унаалуу болушту.
Тактап айтканда, Россиядан жаңы келген унаалардан төртөө бөлүнүп, 38 өрткө каршы кийими, өтүгү менен камсыздалышты.
Заманбап, адистештирилген унааларды тапшыруу салтанаты 13-мартта Талас шаарынын борбордук аянтында өтүп, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Жарандык коргонуу башчысы Нурлан Дарданов баштаган жетекчилер катышышты.