Таштандыдан тазалангандан кийинки көлдүн тазалыгы көз кубантат

ТАШТАНДЫДАН ТАЗАЛАНГАНДАН КИЙИНКИ КӨЛДҮН ТАЗАЛЫГЫ КӨЗ КУБАНТАТ
Учурда ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин таштандылардан жана мыйзамсыз балык уулоочу торлордон тазалоону улантууда.
Бүгүнкү күндө Түп районуна караштуу бир катар айылдардын жээгиндеги көлдүн 64 712,47 гектар аянтты тазаланып, 4425кг ар түрдүү таштанды чыгарылды.
Ошондой эле 54 600 метр балык уулоочу тор чыгарылып, мыйзамсыз колдонуп келген “КАЗАНКА” тибиндеги 7 моторлуу кайык ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Эң жакшы жагы күн санап көлдүн астында жаткан таштандылар азайып, бирок браконьерлердин мыйзамсыз иш-аракети токтобой жаткандыгын айтууга болот.