Ташып кетүү кооптуулугу жогору тоо көлдөрүн ӨКМ көзөмөлдөйт

ТАШЫП КЕТҮҮ КООПТУУЛУГУ ЖОГОРУ ТОО КӨЛДӨРҮН ӨКМ КӨЗӨМӨЛДӨЙТ
Кыргызстанда жарылуу, ташып кетүү кооптуулугу жогору болгон тоо көлдөрү бар. Мындай тоо көлдөрү 3200 метрден 4500 метр бийиктикте жайгашып, күн ысып тоо башындагы мөңгү, кар ээригенде алардын суусу көбөйөт. Ошол себептен жылына июль-август айларында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан атайын иш-чаралар жүргүзүлөт.
Мындан улам 23-24-25-июль күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан тоо көлдөрдүн бирине адистер менен биргеликте көзөмөл жүргүзүүгө катышты.
Өлкө аймагында жарылып кетүү кооптуулугуна ээ, ар кандай көлөмдөгү 368 тоо көлү бар. Бул көлдөрдүн 74үнүн кооптуулугу 1-2-категорияга кирген. Анын 24ү Чүйдө, 36сы Ысык-Көлдө, Таласта 1, Баткенде 3, Ошто 3, ал эми 8и Нарын облусунда орун алган. Алсак, Нарындагы 8 тоо көлүнүн экөө 1-категорияда болсо, алтоо 2-категорияда деп бааланууда.
Тоо көлүндөгү иш-чарадан соң министр Бообек Ажикеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарындагы көчмө механизациялаштырылган базасын кайра жандандыруу үчүн жеринен таанышты.
Эске салсак, бул база Нарын ПМОсу болуп 1992-жылы түзүлгөн. Ошол мезгилдерде көчмө механизациялаштырылган база өзүнө бөлүнгөн техникалык каражаттары менен облус аймагындагы кооптуу объектилерде табигый кырсыктардан коргоо, алдын алуу иштерин аткарып келген. Министрликте 2013-жылы жүргүзүлгөн оптималдаштыруунун натыйжасында Нарын ПМОсу Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл механизациялаштырылган базасына бириктирилген. 2018-жылы базада калган техникаларынын акыркылары жараксыз деп табылып эсептен чыгарылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
**************************
ПРОРЫВООПАСНЫЕ ВЫСОКОГОРНЫЕ ОЗЕРА НАХОДЯТСЯ ПОД НАБЛЮДЕНИЕМ МЧС
Прорывоопасные высокогорные озера находятся под наблюдением МЧС. По республике имеются 368 озера находяшихся на высоте от 3200 до 4500 метров, из них 74 озера относятся к категории 1-2 степени опастности.
23-24-25 июля министр чрезвычайных ситуаций Бообек Ажикеев вместе со специалистами мониторил один из горных озер, расположенный в Ак-Сайской долине Ат-Башинского района Нарынской области.
Для сведения, в Чуйской области 24, Иссык-Кульской 36, Таласской – 1, Баткенской – 3, Ошской -3 и в Нарынской области 8 высокогорных озер из которых два относятся к 1-й категории, а 6 из них ко 2-й категории.
Затем министр Бообек Ажикеев посетил Нарынскую передвижную механизированную базу (Нарынская ПМБ) МЧС.
Стоит отметить, что Нарынская ПМБ была создана в 1992 году для выполнения задач МЧС по Нарынской области.
В 2013 году Нарынская ПМБ была объеденена с Иссык-Кульской механизированной базой в городе Балыкчи. В 2018 году была списана последняя непригодная техника.
ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР