Таза Кыргызстан. ӨКМ. Ишембилик

Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” жана “2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деген Жарлыгынын негизинде өлкө аймагында “Таза мурас” улуттук өнөктөштүгү үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрынан 31-октябрына чейин уланмакчы.

Улуттук өнөктөштүктүн алкагында айлана-чөйрөнү таза сактоо, экочөйрөнү жакшыртуу максатында бүгүн, 22-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын өздүк курамы өздөрү иштеген мекменин айлана-тегерегин тазалап, бак-дарактардын түбүн жумшартышты. Мындан сырткары аял кызматкерлер өздөрүнө тиешелүү иш бөлмөлөрүн (коридор, ажаткананы кошо) тазалашты.

Буга улай министрликтин аймактык башкармалыктардын жана ведомствого караштуу түзүмдөрдүн кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү аймактарды тазалоо үчүн ишембиликке чыгышты.