Таза шаар – таза коом! Жаз алды менен ӨКМ ишембиликке чыкты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишембиликке чыгышты.
Кыргызстанда 1-марттан тарта 31-майга чейин жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү жарыяланган. Ага ылайык, бүгүн 4-мартта республиканын аймагында салтка айланган ишембилик жер-жерлерде башталды.
Ишембиликтин алкагында ӨКМдин Борбордук жана аймактардагы кызматкерлери имараттардын айланасын тазалап ирээтке келтирүү менен актап-сырдоо сыяктуу бир катар жумуштарды аткарышты. Ошондой эле жаз алды менен айлананы жашылдандыруу максатында жаш көчөттөр отургузулду.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары шаарлардагы жана айылдардагы жашоо шартты жакшыртуу менен экологияны коргоо маселесине жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, өзгөчө маани берилүүдө.