Тазалык ишканасынын 2 кызматкери оодарылган трактордо калып, жабыркаган
ОШ: “ТАЗАЛЫК” ИШКАНАСЫНЫН 2 КЫЗМАТКЕРИ ООДАРЫЛГАН ТРАКТОРДО КАЛЫП, ЖАБЫРКАГАН
“Ош-Исфана” жолунун 26 – чакырымында Ноокат шаарынын “Тазалык” ишканасынын таштанды ташуучу трактор унаасы чиркегичи менен жолдон оодарылып кеткен.
Такталган маалыматка ылайык, трактордун ичинде 2 эркек киши болгон.

Жерине ӨККБ – 71 бөлүмүнөн майор Р.Бекматов жетектеген 4 куткаруучу тартылган. Алар тракторго кыпчылып калган К.А аттуу 59 жаштагы жаранды чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми экинчи Т.А. аттуу 51 жаштагы жаран куткаруучулар жеткенге чейин өз алдынча трактордон чыккан. Учурда анын абалы орто деп бааланууда.