Тазалык шаарыбызга — шаарыбыз баарыбызга

Бүгүн, 8-октябрда жалпы ишембиликке  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан  142 адам катышты.

Куткаруучулар өз райондорунун аймактарда, айлана-чөйрөнү  тазалашты. “Таза мурас” долбоорунун алкагында  3,7 га жер аянты  тазаланып, 4,34 тонна таштанды  чыгарылды.

Облустун өздүк курамы “Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга” аттуу ураанын бекем тутуп, ишембиликке активдүү катышышты.