Өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 12,2 пайызга өскөн
КР ӨКМнин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын маалыматында 2021-жылдын 11 ай ичинде республика боюнча 2801 өрт кырсыгы катталып (2020-ж. 2497 өрт), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 12,2% өскөн.
Өрттүн кесепетинен 33 адам каза тапкан. (2020-жылы 30 адам), жана 44 адам жабыркаган (2020-жылы 28). Тилсиз жоодон 29 адам куткарылып, 19 млрд. 236 млн. 638 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1820 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 35 % түзгөн.
❗Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:
электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 1133 (18,8%);
мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 265 (13,2 %);
отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 476 (-14,1);
балдардын от менен ойноосуунан – 188 (-13%), өрт кырсыгы болду.
📌Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
Чүй облусунда – 705;
Бишкек шаарында – 454 өрт;
Баткен облусунда – 391 өрт катталган.
Жалал-Абад облусунда – 387;
Ош облусунда – 295;
Ысык-Көл облусунда – 280;
Нарын облусунда – 117;
Талас облусунда – 92;
Ош шаарында – 80;
✅Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:
- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
- балдарды кароосуз калтырбагыла;
- күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
- тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла
📢Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.