Токмок шаарында эркек киши 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылды

     Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдөн (толук курулуп бүтө элек) 1998-жылы туулган О.Д.А аттуу эркек киши секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Токмок шаардык №21 ӨККБдан 3 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматкерлери тартылган.
     Куткаруучулар 9 кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылган  жаранды кармап калып, ылдый түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткаруучуларга каршылык көрсөтүп бычак шилтеген. Ал мас абалында экендиги аныкталган.
    Эскерте кетсек, ушул эле жаран 19-ноябрь күнү мас абалында дал ушул 9 кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылып, куткаруучулар тарабынан куткарылып калган.