Токмок шаарында тактикалык машыгуу өткөрүлдү
ТОКМОК ШААРЫНДА ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 7-февралда ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүлөрү жана куткаруучулары “Булак” базарында өрт-тактикалык машыгуусун өткөрүштү.
Машыгууга 2 өрт өчүрүүчү унаа күжүрмөн эсеби менен, авариялык куткаруучу автоунаа тартылды. Машыгууга аталган базардын администрациясы, соодагерлер, 25 адамдан турган коопсуздук кызматы катышты.
Ошондой эле өрт коопсуздугу тууралуу нускамалар өтүлүп жана практикалык машыгуу уюштурулду.

