Тоо куткаруучулары «Комсомол» чокусун багындырышты
ТОО КУТКАРУУЧУЛАРЫ «КОМСОМОЛ» ЧОКУСУН БАГЫНДЫРЫШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” – тоо куткаруучулары деңиз деңгээлинен 4170метр бийиктикте турган “Комсомол” чокусуна чыгышты. Жүрүш куткаруучулардын тоодогу катаал шартка, абанын басымына туруштук берүүсүн, кооптуу аска бетиндеги жерлерден куткаруу ишин жүргүзүүдөгү техникалык жөндөмдүүлүктөрүн, ыкмаларын өздөштүрүү максатында уюштурулган. Ал эми чокуну багындырган куткаруучулар үчүн атайын альпинисттик баскычын алуу каралган.
Куткаруучулардын тажрыйбасын жана мүкүнчүлүк дараметин жогорулатууга багытталган жүрүшкө алгач “Эдельвейс” тоо куткаруучулары чыгышса, эртең “Инсараг” – жер титирөөдө куткаруу ишин жүргүзгөн куткаруучулар барышат. Кошуундун курамында куткаруучулардын ден-соолугунун абалын карап туруу үчүн фельдшер жана тоо шартында жүрүүнү үйрөтүүчү адистер бар. Ошондой эле баардыгы атайы даярдыктан өтүп, кургак азык, кийим, дары-дармек жана атайы шаймандар менен камсыздалган.
Буга чейин маалым болгондой өлкөдө тоо туризимин өнүктүрүүдө жана кырсык катталган учурда ыкчам, сапаттуу куткаруу ишин жүргүзүү максатында ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун алдында эл аралык талаптарга жооп бере турган “Эдельвейс” – тоо куткаруучулар жана “Инсараг” – жер титирөөдө куткаруу ишин жүргүзгөн кошуундар түзүлгөн.
Алар атайы планга ылайык машыгуудан өтүшүп, куткаруу жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатып келишет. Жакынкы күндөрү эле кыргыз куткаруучулары Түркияга барып, зилзала болгон аймактарда издеп-куткаруу ишин жогорку деңгээлде жүргүзүп келишти.





