Тоо кырсыгынан куткаруу кызматына түзүлгөн шарт жакшырууда

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Тоо кырсыгынан куткаруу кызматына сатылып алынган жаңы шаймандар жана тетиктер атайын аппараттарга орнотулууда. Алгачкы саамалык Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң айылындагы 7-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу кызматына жеткирилди.
Түзүлгөн шарт менен өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүү жана дайым даярдыкта кармоого өбөлгө түзүлөт. Бул багытта атайын тактикалык сабактар да өткөрүлүп, куткаруучуларга сертификаттар тапшырылды.