Тоодон куткаруу куткаруучулары катышкан эл аралык VIII тренинги жыйынтыкталды

ТООДОН КУТКАРУУ КУТКАРУУЧУЛАРЫ КАТЫШКАН ЭЛ АРАЛЫК VIII ТРЕНИНГИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн,17-август Жарандык коргонуу эл аралык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн тоодон куткаруу боюнча куткаруучулары катышкан эл аралык VIII тренингинин салтанаттуу жабуу аземи өттү.
VIII эл аралык тоо куткаруучуларынын тренинги 2022-жылдын 8-августунда башталган, жалпысынан тренингге Иордания, Сауд Арабия, Бахрейн, Марокко, Нигерия, Алжир өлкөлөрүнүн куткаруучулары катышып, куткаруучулар тоодон, бийиктиктен куткарган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары менен биргеликте окутуулардан өткөрүлүп, тажрыйба алмашышты.
Иш-чаранын негизги максаты – Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин куткаруу бөлүктөрүнүн ортосунда “тоодо куткаруу боюнча окуу” тармагында туруктуу байланышын түзүү.
Тренингди жыйынтыктоочу салтанатта КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник У.Шамырканов тоодон куткаруу боюнча даярдыктан өткөндүгүн тастыктаган жана ЖКЭАУнун бардык мүчө-мамлекеттери тааныган сертификаттарды куткаручууларга тапшырды.