“Тумар” мейманканасынан өрт чыкты
1-март күнү кечки саат 21:10 чамасында Каракол лыжа базасынын жанында жайгашкан “Тумар” мейманканасы күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 21:50 чектөөгө алып, 23:52де толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 435 чарчы метр ашканасы жана мейменкананын жанында жайгашкан турак үй күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.