Турак үйдөн чыккан өрт кошуна үйгө да өттү

30-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Ош шаарынын Крупская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.
Өрттөн жыгач устундуу тунуке менен жабылган аянты 350 чырчы метр турак үй толугу менен күйүп, өрт Атабаев көчөсүндө жайгашкан турак үйгө өтүп, натыйжада жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрт саат 20:56да чектөөгө алынып, саат 23:19да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт өчүрүү иштерине 5 бөлүм тартылды.
Учурда өрттүн себеби такталууда.