Турак үйдөн өрт чыгып, 8 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды
Туран кичи районунун Пичугин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин жалпы 8 өрт өчүрүүчү бөлүм жана Штаб тартылган.
Өрт саат 04:15те чектөөгө алынып, 05:51де толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 387 ч.м. түзгөн.
Учурда өрттүн чыгып келүү себептери жана чыгымдары такталууда.
Жабыркагандар жок.