Турак үйдөн өрт чыкты

Бүгүн Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Күмүшалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук №5 жана №7 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Өрт саат 10:29да чектөөгө алынган, саат 11:06да толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда жана жабыркагандар жок.

Эки кабатту турак үйдүн ички жасалгасы күйгөн, жалпы аянты 240 ч.м. түздү.