Турак үйлөрдө өрт коопсуздугунун алдын алуу иш-чаралары өттү

Алай райондук ӨКБнүн өздүк курамы Алай районунун аймагында өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундарына жылытуучу приборлорду жана мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо керектиги айтылды.

Мындан тышкары, ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга өрттүн алдын алуу боюнча маалымат баракчаларын таратып, 112 жана 101 куткаруу кызматтарынын номерлерин эскертишти.