Туркия элчилигинин китебине көңүл айтуу жазылды
ТҮРКИЯ ЭЛЧИЛИГИНИН КИТЕБИНЕ КӨҢҮЛ АЙТУУ ЖАЗЫЛДЫ
Бүгүн, 10-февралда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Түркия мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Элчилигине барып, миңдеген адам өмүрүн алып, канчалаган жабырлануучуларды кайгы-муңга салган жер титирөөгө байланыштуу түрк элине көңүл айтып, китебине жазды.
“Түркия мамлекети табигый кырсыктын татаал сыноосуна кабылып, орду толгус оор жоготууга учурап, сай-сөөгү сыздап турган түрк боордоштордун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Тамырыбыз тереңге кетип, эзелтеден карым-катышта жашап келген Түрк мамлекетине, каза болгон боордошторубуздун жакындарына жана туугандарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын жана министр Бообек Ажикеевдин атынан боордош түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, – деп жазды Акылбек Мазарипов.

