Туркияда каза болгон Кыргызстандык жарандын сөөгү өз мекенине келет
ТҮРКИЯДА КАЗА БОЛГОН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ӨЗ МЕКЕНИНЕ КЕЛЕТ
Бүтүндөй дүйнөнү ыйлаткан Түркия мамлекетиндеги жер титирөө канчалаган адамдардын өмүрүн алды.
Бул табигый кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жараны 1986-ж.т. Б.М. аттуу аял киши каза болгон.
11-февраль күнү Хатай шаарындагы урандылардын астынан аялдын сөөгүн чыгарышкан. Анын өздүгү туугандары тарабынан аныкталды.
Учурда Түркия мамлекетиндеги Кыргызстандын элчилиги тарабынан өз өлкөсүнө жөнөтүү аракеттери көрүлүүдө.