Туркиядагы Кыргызстандык куткаруучулардан маалымат

ТҮРКИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК КУТКАРУУЧУЛАРДАН МААЛЫМАТ
Бүгүн 12-февраль Түркия убактысы боюнча 14:00 го карата Кахраманмараш шаарынын “Он эки субхат” жана “Баалыжан” районунда бузулган имараттардын урандыларынан издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Бир канча күндөгү иштөөнүн натыйжасында, кыргызстандык куткаруучулар тарабынан 3 тирүү жаран табылып куткарылгандыгы маалым болгон. Ал эми азыркы саатка карата 99 жарандын сөөгү табылып чыгарылган.