Туркиядагы кырсык болгон аймакта 74 өлкөдөн 7098 куткаруучу ишин улантууда

ТҮРКИЯДАГЫ КЫРСЫК БОЛГОН АЙМАКТА 74 ӨЛКӨДӨН 7098 КУТКАРУУЧУ ИШИН УЛАНТУУДА
Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы 10 күнгө созулган издөө-куткаруу иштерин жыйынтыктап, Түркия мамлекетинин түштүк бөлүгүндө жайгашкан Хатай облусуна келишти. Учурда чатырлар тигилип, куткаруучуларыбыздын абалын жеринде фельдшер, дарыгерлер көзөмөлгө алууда. Ошондой эле санитардык эрежелерге ылайык коргонуучу бардык каражаттар менен камсыздалып, эрежелер тыкыр көзөмөлдөнүп сакталууда.
Аталган лагерге кыргызстандык куткаруучулар менен биргеликте Түштүк Кореядан 12 куткаруучу, Бангладеш мамлекетинен 30, Пакистандан 34, Мексика өлкөсүнөн 32 куткаруучу 2 үйрөтүлгөн ити менен келген. Ошондой эле Сауд Арабиясынан 97 куткаруучу келсе, Оман өлкөсүнөн келген 32 куткаруучу Хатай шаарында куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө. Расмий маалымат боюнча Туркиядагы кырсык болгон аймакта 74 өлкөдөн 7098 куткаруучу ишин улантып келет. Ал эми 15 мамлекеттин 4236 куткаруучу топтору Түркиядагы ишин жыйынтыктап, өз өлкөлөрүнө кайтышкан.