Туркиядан Кыргызстандык 28 жаран эвакуация болду

Бүгүн,10-февраль күнү саат 08:40тар чамасында Ак-Жол чек ара постунан КР ӨКМдин кызматкерлери Түркиядан Казакстан аркылуу келген 20 жараныбызды тосуп алды.
Алгач 22 мекендештерибиз Түркиядан Астана шаарына учуп келишкен. Аларды КРнын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышып, автотранспорт менен Кыргызстандын чек арасына узатып келишкен. Ал эми алардын арасынан бир аял ымыркай баласы менен Алма-Ата шаарына учак менен жөнөтүлүп, андан ары автотранспорт менен Кыргызстанга жеткирилген.
Ошондой эле, 9-февраль күнү Кыргыз Республикасынын 6 жараны Түркиядан Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына учуп, андан ары КР ТИМдин өкүлдөрүнүн коштоосунда бүгүн саат 20:10 чамасында Ак-Жол чек ара постуна жеткирилди. Ал жерден КР ӨКМдин кызматкерлери тосуп алып, үйлөрүнө узатышты.





