У.Шамырканов: Республика боюнча 44 жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар аймакты зыянсыздандыруу иши башталат

У.ШАМЫРКАНОВ: РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 44 ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРҮҮ КООПТУУЛУГУ БАР АЙМАКТЫ ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ ИШИ БАШТАЛАТ
Бүгүн КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.М.Шамырканов түз эфирде жарандардын суроолоруна жана кайрылууларына жооп берди.
Түз эфир “Facebook”, “Instagram” социалдык баракчалары аркылуу чагылдырылды. Социалдык баракчанын катталуучулары тарабынан министрликтин табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуудагы иштери, куткаруучулардын
күжүрмөң даярдыгы, өлкө боюнча техниканын жетиштүүлүгү алынган жаңы тик учак, инженердик оор унаалардын мүмкүнчүлүктөрү жана кызматкерлердин ротацияланышы ж.б. суроолор берилди.
Өз сөзүндө министрдин орун басары: “Республика боюнча 44 жер көчкү кооптуулугу бар жерлерди зыянсыздандыруу боюнча ири долбоор башталат. Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашуу алдында турган долбоордун жалпы суммасы 39 миллион АКШ долларды түзөт. Анда аталган аймактарда атайын адистер тарабынан изилдөө иши жүргүзүлүп бүттү жана тиешелүү чечим чыккан соң, Кыргызстанда биринчи жолу жер көчкү жүрө турган тилкелерде топуракты атайылап тектирлеп түшүрүү ыкмасы менен табигый кырсык жоюлат” – деди.
Ошондой эле 2022-жылдын башында жана жакынкы күнү алынган ири көлөмдөгү техникалардын мүмкүнчүлүгү, республика боюнча бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалымат берди. Ал буга кошумча алынган жаңы тик учакты башкарууда учурда тажрыйбалуу учкуч бар экендигин алардын айлык маянасы эң аз дегенде 3000 АКШ долларды түзөрүн айтып, кошумча дагы чет өлкөдөн окуп, билим алып келген учкуч адистерге муктажбыз жана биз аларды ишке чакырабыз деп билдирди.
Баса белгилей кетсек, мындан ары дагы КР ӨКМнин ишмердүүлүгү жана аткарып жаткан иштери тууралуу жарандардын суроолоруна, кайрылууларына жооп алып берүү максатында “Атайын түз эфир” уюштурулуп турат.
Түз эфир “”Facebook”, “Instagram” социалдык баракчалары аркылуу чагылдырылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР