Улуттук масштабдагы Таза Мурас өнөктүгүнүн кезектеги ишембилиги

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  республика боюнча  жалпы кызматкерлери  ишембиликке чыгышты.

Анда министрликтин, башкармалыктардын жана түзүмдүк бөлүктөрдүн  айлана чөйрөсү  жана кеңсе бөлмөлөрү тазаланып, ирээтке келтирилди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик таштандыларын башкаруу боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын жана «Таза Мурас» улуттук өнөктөштүгүн ишке ашыруунун алкагында республика боюнча ишембилик өтүүдө.

Ушул жылдын 17-сентябрында башталган “Таза мурас” өнөктүгү улуттук масштабда  эки айга созулат.