Улуттун өзөгү — эне тилде!
УЛУТТУН ӨЗӨГҮ — ЭНЕ ТИЛДЕ!
22-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин Кыргызтестке даяроо курсуна окутуу башталды.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте “Иштиктүү кыргыз тили, Кыргызтестке даярдык көрүү” курсу уюштурулуп, окутуу ӨКМдин Борбордук аппаратынын имаратында өтүүдө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы токтомун ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Кызматкерлер 5 жумушчу күндүн ичинде, мамлекеттик тилди билүү деңгээлине жараша 20 угуучуга чейинки топторго бөлүнүп окутулат.






