Улуу Манас дүйнөсүнө жетелеген “Төлгө” спектакли

🇰🇬УЛУУ МАНАС ДҮЙНӨСҮНӨ ЖЕТЕЛЕГЕН “ТӨЛГӨ” СПЕКТАКЛИ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери аталган спектаклге күбө болушту.
Т.Абдымомунов атындагы кыргызт улуттук академиялык драма театрында КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде жазылган “Төлгө” спектакли театр сүйүүчүлөрү үчүн тартууланды.
“Кыргыз элинин руханий байлыктарынын туу чокусу — улуу “Манас” эпосу. “Манастын уулу Семетей” дал ушул үч илтиктин эң көлөмдүү бөлүгү. Кыргыз эл акыны Жалил Садыков аны театрдын астанасына алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде сахналаштырылган “Төлгө” спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашаары чагылдырылат. Ошол себептен атасын билбей, бешикте кеткен Семетейди кыргыз эли дегдеп күтүп, анын ар бир кадамында атасынын ордун басар уул болсун деп төлгө кылат”.