Унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилди

УНАА ЖОЛУНА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
2023-ж. 16.02. Нарын облусу, Жумгал району. Такталган маалымат боюнча Чаек-Арал-Миң-Куш унаа жолунун 3-чакырымында (көзөмөл посту) болжол менен 300 м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолдун бир тарабын жаап калган. Жерине райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, №24 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч жана 10 кызматкер тартылып, тазалоо иш-чаралары толук аяктап саат 22:06да жол эки тараптуу ачылган. Азыркы учурда кайрадан кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарынын 2023-жылдын 16-февралындагы №53-буйругу менен унаа жолу убактылуу жабылды.
2023-ж. 17.02. Нарын облусу, Нарын району. Такталган маалымат боюнча, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-чакырымынан 303-чакырымына чейин 5 тилке (Сары-Булак айылынан, Оттук а, аралыктары Кара-Үңкүр капчыгайы) жалпы көлөмү болжол менен 10000м3 кар көчкү түшүп, анын 4500м3 унаа жолун басып калган. Жол каттамы жабылган. Жерине №41 ЖТИден 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 ХОВО, Суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, жалпы 7 техника тартылып, саат 00:45те унаа жолу бир тараптуу ачылган, учурда кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бирок аталган унаа жолунда кар көчкү түшүш коркунучу болгондуктан Облустук ЖК башчысынын буйругунун негизинде унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилген. Кошумча маалымат берилет.