Унаадан өрт чыгып, эки жаран жабыркаган

27-март күнү Жайыл районуна караштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 65-чакырымында «Mazda 323» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен.

Өрттүн кесепетинен 2 адам күйүк алган, 35 жаштагы эркек киши жана 26 жаштагы аял киши.

Өрттү №22 өрткө каршы куткаруу бөлүмү саат 21:50 чектөөгө алып, толук 22:33 өчүрүштү.

Жабырган жарандар ооруканага жеткирилген, учурда алардын абалы канааттандырарлык.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.